www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Айбек Молдогазиев деген бар. Кызматка дайындалгандан бери дээрлик бир жылдан ашты. Бул аралыкта Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн натыйжалуу чеке жылыткан эч бир иш жасалган жок. Тескерисинче баары артка кетти. 

Мына айталы, Айбек Молдогазиев элчи болгондон бери АКШ берген 10 жылдык визалар 1-3 айлык мөөнөткө кыскарып, “Керемет Банк” баштаган айрым компаниялар санкцияга кабылды. Мындан тышкары, Кыргызстан АКШ тарабынан жакыр жана коррупциялык коркунучу жогору 38 өлкөнүн катарына кошулуп, жарандардан виза алуу үчүн 5–10 миң долларлык кепилдик талап кылына баштады.

Ушун баары – элчинин өз ишине кайдыгер, көңүл кош, жеке мүдөөсүн көздөгөн, керт башынын тынчтыгын өлкөнүн, элдин кызыкчылыгынан жогору койгон компетентсиз шалаакылыгынын жемиши десек жарашат. 

Дегенибиз, элчинин негизги милдети Вашингтондо активдүү дипломатия жүргүзүү болчу. Тактап айтканда, АКШ Конгресси, аналитикалык борборлор, эксперттик жана медиа чөйрө менен иштеп, Кыргызстанга байланышкан терс көрүнүштөрдү алдын алып, визалык саясаттагы катаалдашууга каршы конкреттүү фактыларга негизделген аргументтерди расмий жана бейрасмий каналдар аркылуу жеткирүү милдетин унутуп койду. Бирок коомчулук мындай аракеттерди көргөн жок. 

Натыйжада, 5-10 миң долларлык визалык кепилдик маселесинде Кыргызстанды Африкадагы кризистик мамлекеттер менен теңештирбеш керектиги далилденбей калды. 10 жылдык визанын кыскарышы боюнча да системалуу түшүндүрүү, коргоо позициясы байкалган жок.

Демек, Молдогазиев элчи болгондон бери Кыргызстан үчүн оң өзгөрүү эмес, тескерисинче эл аралык абройго доо кетирген учурлар басымдуулук кылды. Анан ушундай жоопкерчиликсиз кадрды маанилүү өлкөдө Кыргызстандын атынан элчи кылып кармап отуруунун зарылдыгы барбы деген суроо туулат?

Последние новости