www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финляндия 10-январдан тартып жөө аскерлерге каршы миналарды өндүрүүгө, колдонууга, сактоого тыюу салган Оттава келишиминен чыкты. Бул жагдай эми мындан ары Финландияга жөө аскерлерге каршы миналарды колдонууга жол ачат. 

Буга дейре Орусия менен чектеш НАТОго мүчө Эстония, Латвия, Литва жана Польша келишимден чыгып кетишкен болчу. Украина да өткөн жылы келишимден чыгарын билдирген.

Финляндия башка өлкөлөр сыяктуу эле өз чечимин коопсуздук жаатындагы абалдын начарлашы менен түшүндүрдү. Кабыл алынган чечимди бийлик туура тапса, чек арага жакын аймактардагы талааларда мина коюла баштайт.

Белгилей кетсек, 1997-жылы Оттава шаарында кабыл алынган конвенцияга кол койгон өлкөлөр "жөө аскерлердин минанын айынан тарткан азап-тозокторун жана кайгылуу кесепеттерди токтотууга" макул болушкан.

Последние новости