www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү диктор Бактыбек Мамытов дүйнөдөн кайтты

Айтылуу диктор Бактыбек Мамытов 72 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Кабарды жакындары тастыктады.

Алардын айтымында, алып баруучу көптөн бери ооруп жүргөн.

Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында туулган.

Ал теле жана радионун босогосун 21 жашында аттаган.

Эмгек жолун мектепте лаборант, клубдун башчысы жана жүк ташыгыч болуп баштаган. Кийинки эмгек жолу КТРКда ийгиликтүү уланып, «Арноо концерти» теледолбоорунун жүзү катары кеңири таанымал болду.

Маркум азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинде жогорку билим алган.

Б.Мамытов 1993-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы менен сыйланган.

2000-жылы кыргыз телеберүүсүнүн отличниги болсо, 2006-жылы «Даңк» медалын тагынган.

2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарынын ардактуу атуулу болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости