www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушундай. Дача-СУ боюнча коомдук комиссия түзүлдү. Бийликке сын айткандарды топтоп туруп, кошоктоштуруу таризинде катарга тизип койду. Арасында эч нерсени түшүнбөй эле аңылдап жүргөндөр бар. Башында Алмамбет Шыкмаматов турат.

Кызык, Дача-СУда жогорку деңгээлдеги сыр деле жок. Бизге жеткен маалыматтан алганда, Гонгонкдон учуп чыккан самолёт Бишкектен май куюп алуу үчүн токтомок. Тилекке каршы, кырсыкка учурап, Түркияга жетпей жарылып кетти. Элдин убалына калды. Жоготуулардын ордун толтуруу үчүн компенсация алышыбыз керек эле. Ал да тийиштүү деңгээлде жасалбай калды. Бул сырткы бизнесмендердин иши экени жалганбы?

Аныгында, маркумдарды кайтара албайбыз, алардын жакындарына кун төлөтүү гана вазыйпасын ашкере аткартыш керек!.. Дагы бир олуттуу маселе: самолёт кулаганда ӨКМ, милиция сыяктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери чачылган акчаларды, алтындарды, күйбөй калган товарларды, телефондорду тоношкону калппы? Мына ушул жагынан күмөн санасак болот.

Натыйжада, Дача-СУ боюнча түзүлгөн коомдук комиссия эч кандай жаңылык, сырды ачышпайт. Тек гана бакылдап отурушуп, аягында тарап кетишет. Себеби, бул көрүнүш элди алаксытуу менен гана чектелет. Көрөсүңөр. Себеби, “бомба” сыяктуу бүйүр кызыткан сенсация болсо, эмгиче эле ачылмак. Кыргыз коомчулугунан эч нерсени ката албайсың да...

Булак: Азия News гезити

Последние новости