www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир жаңы жылдын алдында келечекте бизди эмне күтөт ойлойбуз. Белгилүү көз ачыктардан болгон Ванга, Мессинг, Жуна жана Нострадамустардын көп жылдык алдын ала келечекти айткандары бар. Жакынкы келечекте бизди эмне күтөт? Эмнеге даяр болушубуз керектигине чечим чыгаруу бизге калды...

Жуна

Көзү ачык Жуна дүйнөдөгү жана анын ичиндеги Россиядагы кризистик кырдаалдар туурасында өзүнүн жеке көз карашы болгон. Ал эч кандай жашырбастан ачык айткан. Бирок мурунку тажыйырбасын карасак көбүнчө терс көз караштагы ойлору ишке ашкан.

2020-жылы үчүнчү дүйнөлүк согуш болот деп болжолдогон. Бул согуш эч кандай кан төгүүсүз бирок көптөгөн адамдын өмүрү кыйылышы менен коштолот деген. Анын тарапташтары бул божомолүн азыркы болуп жаткан пандемия менен салыштырышат. Ага ишенсек бул пандемия 2025-жылга барып токтойт. Бул пандемиянын кесепети дүйнөлүк кризиске учуратат. Ошондой эле олигархтага кирешенин башка булактарын караштыруусун сунуштаган.

Экономикалык фронтто Джуна глобалдык кризис 2022-жылы басаңдайт деп айткан. Ал эми мурунку соккулар бир абалдан экинчи абалга өтүүдөн башка эч нерсе эмес. Олигархтар өздөрүнүн нарк системасын кайра карап чыгып, кирешенин жаңы булактары жөнүндө ойлонушу керек деп, ошондой эле Орусия менен АКШнын ортосундагы тирешүү тууралуу ачыктаган. Батыштын күчү Орусияны жок кылууга күчү жетпейт. Өлкөлөр ортосунда мамилелер жылыйт, согуш коркунучу жок болот. Бирок кандайдыр бир деңгээлде чыңалуу кала берет дегени бар.

Мессинг

Вольф Мессинг кимдир-бирөөнүн оюн алыстан окуп гана тим болбостон, келечекти да алдын ала айта алган. Кээ бирөөлөр аны улуу шарлатан дегенлер да болгон эмес. Көз ачык 2021-жылдын аягынан баштап жана 2022-жылга чейин Орусия түп-тамырынан бери өзгөрүү мезгилине кирет деген. Мессингдин айтымында дүйнө жүзү жекелик ойдон өтүп, жалпы өнүгүүнү ойлош керек. Ошондо гана социалдык жана экономикалык өсүш болот деген.

Ванга

Болгариялык көрөгөч 2022-жылы дүйнөлүк согуштарды көргөн эмес. Ванганын айтымында, Орусия көптөгөн сыноолорду башынан өткөрүп, ошондуктан чоң кыйроолорго учурабайт деген. Россия өзү тандап алган жолдон тайбайт, АКШ менен мамиле мурдагыдай муздак бойдон калат, бирок Кытай менен өз ара кызматташуу күчөйт, деп билдирген.
Ванга жаңы коронавирустук инфекциянын пайда болушун так айтып: "Илимде мурда белгисиз болгон оору үчүнчү миң жылдыктын башында чыгыштан же Африка өлкөлөрүнөн келет. Кырдаал чума оорусундагыдай болушу мүмкүн. 2022-жылы жакшы кабар күтүлбөйт деп, бүткүл адамзаттын бул оорудан айыгуусу тууралуу пикирин билдирген эмес.
Көзү ачык элдин жыргалчылыгы жөнүндө сырдуу сүйлөп:«Эл жомоктогудай байыйт, бирок элдин колунда акча болбойт»,-деген. Ванганын жолдоочулары ал виртуалдык валютаны жана накталай эмес төлөмдөрдү айткан болушу мүмкүн дешет.

Нострадамус

Нострадамус дүйнө үчүн эң кайгылуу келечекти көргөн. Ал адамзат үчүн каржылык кыйроону, караңгылыкты жана жакырчылыкты, ошондой эле жаңы согуштун чыгышын алдын-ала айткан. Көзү ачык 2022-жылы дүйнөнү 72 саат бою чоң караңгылык каптап, планетабыздагы климатты өзгөртө турган жарылуу болоорун айтты.
Андан кийин чоң толкундар жана астероид жамгырлары жаайт, ал эми чоң таш океанга кулап, чоң толкунду пайда кылат. Ачарчылык, оору жана жугуштуу оорулар бүт дүйнөгө жайылат. Адамдар тамак-аштын жетишсиздигинен бири-бири менен уруша башташат.
Көзү ачыктын мындай сөздөрүнөн үрөй учурарлык болот. Нострадамустун божомолдору туура эмес чечмеленди деп үмүттөнүүгө болот. Анткени, ал эч качан келечек жөнүндө түз айткан эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости