www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таңгаласың да. Баткен облусунун губернатору Абдикарим Алимбаев соцтармактарга пиарщиктери аркылуу өзүн мактатып атат. “Жылдын мыктысы, генерал алсын!” деген сыяктуу жасалма шөкөттөлгөн сөздөр. Чокусунабы? Быйыл сентябрдагы Баткендеги согушту кантебиз?

Алтымыштан ашык жарандарыбыз курман болушту, жаракат алгандары да арбын. Үйлөр, мектеп, бала бакча, социалдык объектилер талкаланды. Оор жоготууларга, кыйроолорго кабылдык. Өзөк өрттөндү.

Мына ушундай көрүнүштөн кийин Абдикарим Алимбаев кантип жылдын мыктысы болсун? Генералдыкты суутуп коюптурбу? Эл карап турат да. Жөн эле төш кага бербей, кетирген катачылыктарын тизмектеп, сабак алсын! Же кызматын татыктуу башкаруучуга тапшырып берсин! Уят!

Мисалы, бул эргулдун ордунда Саиджан Эратов болгондо, мынчалык жоготууларга учурабайт белек?.. Себеби, бул кадрды профессионал катары бааласак жарашат. Коомчулук да ушундай баа берүүдө.

Булак: Азия News гезити

Последние новости