www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үлкөн үч мамлекет Кытайга газды жеткизүү боюнча бириккени турушат. Бул жерге Бишкекти кошуп Кытайга Алай аркылуу өзбек газын жеткирүүнү кошо ойлосо болмок. Учурунда Түркмөн газын Алай аркылуу жеткизүүгө каршы чыгып, бул долбоор токтоп калган. Эгер Алайдан Кытайга газ өтө турган болсо, Кыргызстан деле пайдасын көрмөк. Бул маселе бир нече ирет көтөрүлгөн. Орусия президенти Владимир Путиндин Казакстан жана Өзбекстан менен “газ биримдигин” түзүү идеасы үч өлкө арасында талкууланып жатат. Песков Путиндин үч мамлекет ортосунда жана башка өлкөлөргө, анын ичинде Кытайга көгүлтүр отунду ташуу механизмдерин түзүү идеасы “синхрондоштуруу” зарылдыгынан улам пайда болгон. Путиндин сунушу биринчи этапта “координациялык механизм түзүүнү” караштырат. Балким мунун баарын дагы талкуулоо керек. Үч өлкөнүн кызматташуусу үчүн жана андан ары тышкы рынокко инфратүзүмдү өнүктүрүү үчүн кандайдыр бир юридикалык жак түзүлүшү ыктымал.
Токаев менен Путин Казакстан жана Өзбекстан аймагы аркылуу орус газын ташуу аракетин координациялоо максатында уюм түзүү демилгесин талкуулашты. Орусия жаратылыш газын экспорттоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарда турат. Казакстан менен Өзбекстандын газы болсо ички муктаждыкты жабууга араң жетет. Казакстан менен Өзбекстандын Орусия менен жалпы газ кууру бар. Ошол эле маалда бул эки өлкө аймагы аркылуу Түркмөнстандан Кытайга газ экспорттолот.
Кремлдин Украинага каршы агрессиясынан кийин Европа өлкөлөрү орус газынан көз карандылыгын азайта баштаган маалда Москва көгүлтүр отунду Кытайга экспорттону көбөйтүүдө. Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин тарабынан сунушталган Орусия-Казакстан-Өзбекстан биримдиги газ альянсы болуп саналат, анын максаты орусиялык газды Казакстан менен Өзбекстандын аймактары аркылуу ташуу аракеттерин координациялоону көздөйт.
2022-жылдын 28-ноябрында Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен Касым-Жомарт Токаевдин жолугушуусу болгон. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Казакстандын президенти Путин Токаевге Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда альянс түзүүнү сунуштаганын билдирди. Бул тууралуу айтып жатып, Казакстандын башчысы кандай альянс тууралуу айтып жатканын тактаган жок. Бул социалдык тармактарда көптөгөн нааразычылыктарды жана жамааттык талкууларды жаратты. Айрыкча тармактын өзбек сегментинде коомдук активисттер Орусия менен альянска каршы чыга башташты.
Казакстан Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Руслан Желдибай Кремлде Казакстан менен Орусиянын президенттеринин сүйлөшүүлөрүндө Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан турган «үч тараптуу газ биримдигин» түзүү тууралуу сөз болгонун билдирди. Орусиялык газды Казакстан менен Өзбекстандын аймактары аркылуу ташуу боюнча аракеттерди координациялоо максатында.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусия лидери Владимир Путин менен жолугушууда Казакстанда өткөн президенттик шайлоодон кийин Орусияга болгон биринчи чет элдик сапарынын саясий мааниси жана символикасы тууралуу айтып берди: «Менин Казакстан Республикасынын Президенти кызматына кайра шайланышыма байланыштуу жеке куттуктооңуздар үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Чынында, бул окуядан кийин менин биринчи чет элдик сапарым ушул жерде, Орусия Федерациясына болду, мунун өзү терең саясий мааниге ээ. Албетте, бул сапарда белгилүү бир символика бар», - дейт ал.
Анын айтымында, бул толугу менен мыйзам ченемдүү көрүнүш, анткени кеп Москва менен Астананын ортосундагы 22-октябрда дипломатиялык мамилелердин орногонуна 30 жыл толо турган кызматташтыгы тууралуу болуп жатат: «Бүгүн биз бул тарыхый датага арналган декларацияга кол коюп жатабыз. Казакстан үчүн Орусия Федерациясы негизги стратегиялык өнөктөш, биз менен ар түрдүү тармактарда терең мамилелери бар өлкө болгон жана болуп кала берет», - деди республика башчысы.
Мамлекеттердин башчылары 2021-2022-жылдардагы товар алмашуунун дурус болгон көлөмү тууралуу кеп кылышты. Мындан сырткары, Токаев Орусияга келишинин терең саясий мааниси бар экендигин айткан: "Башка жагынан алып караганда, бул кадимки эле нерсе, кеп биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуу жаатында жүрүп жатпайбы. Быйыл дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгиледик. Бүгүн бул тарыхый датага арналган декларацияга кол коюп жатабыз", — деген Токаев. Казакстан башчысы Казакстан үчүн Орусия негизги стратегиялык өнөктөш катары кала берерин, аларды ар кыл тармактагы өз ара алака байланыштырып турарын кошумчалаган.
2022-жылдын 20-ноябрында Казакстанда кезектеги президенттик шайлоо өттү. Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын 81,31 пайыз добушуна ээ болуп, 2029-жылга чейин президенттик тактыда калды. Мамлекет башчынын инаугурациясы 26-ноябрда өттү.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg