www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Москва облусунда «Озон» кампасында иштеген сегиз кыргызстандык менингит менен ооруп, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги билдирди.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн билдиришкендей, алардын үчөө Истра аймактык клиникалык ооруканасына, дагы беш жаран №1 Красногорск шаардык ооруканасына жаткырылды. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Оорулууларды Роспотребнадзордун кызматкерлери текшерип, алардан тиешелүү анализдер алынды.

Кырдаал элчиликтин көзөмөлүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости