www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмнеге суукта баш ооруй баштайт?

Абанын температурасы дароо муздаары менен айрым адамдардын башы ооруй баштайт. Невролог, нейрофизиолог Александр Будик муну теринин рецепторлорунун сезимталдыгы менен түшүндүргөнүн РИА Новости жазды.

"Бул — организмдин температуралык көрсөткүчтөргө реакциясы. Баштын терисинде рецепторлор жайгашкан. Сезимталдык жогорулаган сайын алар суукта ашыкча дүүлүгө баштайт. Ошол себептен баш оорушу ыктымал", — деген дарыгер.

Невролог суукта баш оору кооптуу патологиядан кабар бербей турганын айтып, аба муздаганда баш кийим кийүүнү сунуштаган.

Ошол эле учурда медик суукта кан басым жогору болгондо да оорушу мүмкүн экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости