www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык рэпер Канье Уэст жаңы "Бишкек Арена" стадионунун расмий ачылышынан кийин Бишкекте концерт берет. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар өз булактарына таянып жазды.
Репердин концерти спорт комплексинин ачылыш аземинен кийин өтөт. Концерттин так күнү азырынча жарыялана элек.
Иш-чара жана уюштуруучулар тууралуу башка маалыматтар азырынча белгисиз.
Канье Уэст - америкалык рэпер, продюсер жана дизайнер. Ал 24 "Грэмми" сыйлыгын жеңип алган жана хип-хоп тарыхындагы эң таасирдүү артисттердин бири деп эсептелет.
Анын эң белгилүү композицияларынын катарына "Stronger", "Gold Digger", "Heartless", "Power", "Runaway" жана "All of the Lights" кирет. Ал "The College Dropout", "Late Registration", "Graduation" жана "My Beautiful Dark Twisted Fantasy" альбомдору менен белгилүү.