www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда орнотулган фото тузактарга ак илбирстин сүрөттөрү жана кызыктуу видеосу түшүп калды.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2025-жылы орнотулган фото тузактарды алып текшерүү учурунда ак илбирс камерага өтө жакын келип калган учур катталган. Бул сейрек кездешүүчү жырткычтын сүрөтү жана видеосу жабдыкка даана түшүп калган.
Адистердин айтымында, мындай кадрлар ак илбирстин корук аймагында байма-бай жүрөрүн жана анын жашоо чөйрөсү сакталып жатканын көрсөтөт.
Белгилей кетсек, Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунда ак илбирстен тышкары сүлөөсүн, мадыл, Тянь-Шань күрөң аюусу, суусар, бугу-марал, аркар-кулжа сыяктуу жаныбарлар жашайт. Ошондой эле бул аймакта бүркүт, ителги, көк жору, ак кажыр, кумай, Наумандын күйкөсү, шумкар, кичик бүркүт, чоң үкү жана орок тумшук чулдук өңдүү сейрек кездешүүчү канаттуулар да байырлайт.