www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы жана коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев коомчулукта кызуу талкууланып жаткан Кытай маселеси боюнча өз пикирин билдирди.

Анын айтымында, бул маселе айрым адамдардын аракетинен эмес, тарыхый жана идеологиялык себептерден улам калыптанган.

Каптагаев белгилегендей, СССР доорунда көп жылдар бою жүргүзүлгөн пропаганданын таасиринен улам коомдо «Кытай — башкы душман» деген түшүнүк калыптанып калган.

Ошондой эле бүгүнкү күндө «инвестор» түшүнүгү көп учурда кытайлык компаниялар менен байланыштырылып калганын айтты.

«Жол салган — кытай, кен казган — кытай, үй курган — кытай деген түшүнүк эл арасында кеңири жайылган. Кытай темасы вирус сыяктуу тез тарайт.

Бул маселени “кытайды жаздың” деп опузалоо, суракка алуу же камап, соттоо менен токтотуу мүмкүн эмес», — деди ал.

Каптагаев ошондой эле жакында Бишкекте өткөн Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин китебинин бет ачар аземинде бул маселени кытай тарапка да айтканын жана алар бул пикирди туура кабыл алышканын белгиледи.

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости