www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аргентинанын футбол боюнча улуттук курама командасынын капитаны Лионель Месси эл аралык карьерасын жыйынтыктаарын командалаштарына билдиргенин журналист Эрнан Кастильо 21-июлда маалымдады.
Анын айтымында, футболчу 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын финалдык оюнунан кийин чечимин команда мүчөлөрүнө жарыялаган.
«Кечээки чечинүүчү бөлмөдөгү сөзү абдан таасирдүү болду. Анткени ал бул курама командадагы акыркы беттеши болгонун айтты», — деп жазган Кастильо X социалдык тармагында.
Дүйнө чемпионатында 39 жаштагы чабуулчу сегиз гол киргизип, турнирдин мыкты бомбардирлеринин тизмесинде экинчи орунду ээледи. Биринчи орунда 10 гол менен франциялык Килиан Мбаппе жайгашкан.
Месси Аргентина курама командасынын курамында жалпысынан 207 беттеш өткөрүп, 125 гол киргизген.