www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 28-августта узакка созулган оорудан улам Кочкор музыкалык драма театрынын белгилүү артисти, кыргыз элине белгилүү ырчы-бийчи, Маданияттын мыкты кызматкери Табашова Максуда 78 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Табашова Максуда 1952 -жылы 9-мартта Ош областынын Кара-Суу районунун Мады айылында туулган.
1959-68 жылдары Мады айылында 3-интернационал орто мектебин аяктаган.

1971-жылдан бери ушул күнгө чейин Кочкор музыкалык драма театрынын актрисасы болуп ийгиликтүү эмгектенип келген.

1988-92-жылдары Маданият министрлигинин алдындагы Токмок шаардык маданий агартуу окуу жайын бүтүргөн.

1970-жылкы Республикалык Жаштар фестивалынын лауреаттыгына таттыктуу болгон.
1974-жылы Кыргызстандын 60 жылдыгына арналган кароо-сынагынын жеңүүчүсү аталган.
1978-жылы Югославия мамлекетинде "Шаттык" ыр-бий ансаблинде ырчы, бийчи, комузчу катарында он күндүк концерттерге ийгиликтүү катышып, көрүүчүлөрдүн алкоосуна арзыган.
1990 жылы Киевде өткөн Эл аралык фестивалынын лауреаты жана Бүткүл союздук фестивалынын 3 жолку лауреаты болгон.

Ч. Айтматовдун "Фудзиямадагы кадыр түн", Б. Жакиевдин "Сирена" М.Байжиевдин "Төрт Адам", "Кыз-күйөө", "Он экинчи күн", Төкөлдөшовдун "Бороон" Ж. Садыковдун "Манастын уулу Семетей", "Ормон хан", М.Тойбаевдин "Ак тамак, көк тамак” Ж. Абдыкалыковдун "Солдаттын белеги" "Домбра жана канжар", Б. Максутовдун "Тозоко тете күн" драмаларында да таасирдүү ролдорду аткарып, актриса катары таанылган жана баалуу сыйлыктарга татыган.

2003-жылы жана 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин "Ардак грамотасына" татыктуу болгон.

2005-жылы "Мданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.
2009-жылы Жалал-Абад шаарында өткөн төртүнчү театр фестивалында Ж.Өзүбекованын "Карагыз" спектаклинде Мактымдын образын жигине жеткире ачып берип, өзгөчө артисттик чеберчилиги үчүн Даркүл Күйүкова атындагы сыйлыктын ээси болгон.
М. Табашованын коомчулукка сиңирген эмгеги үчүн Нарын областынын Ардактуу айымы жана Кочкор айылынын Ардактуу атуулу наамдары берилген.

Кочкор музыкалык драма театрынын актрисасы Максуда Табашованын акыркы ийгиликтеринин бири 2020-жылы май айында Киев шаарында өткөн Эл аралык "Вiнкi мира" аттуу онлайн фестивалында өзү тарбиялап жаткан мектеп окуучуларынан турган "Насыйкат" этно тобу менен катышып экинчи орундун ээси болушту.

М. Табашова тарбиялаган чыгармачыл жарандар бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эң ири маданият массалык мекемелерде талыкпай эмгектенишүүдө.

Кыргыз элибиздин асыл таланты, өзүнүн кайталангыс чыгармачылык эмгеги менен улуттук маданиятыбыздын жана көркөм өнөрүнүн кеңири катмарына таанымал болгон эжебиздин жаркын элеси аны билгендердин, чогуу иштегендердин жана кесиптештеринин жүрөгүндө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөөсүнө жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Арты кайрылуу болсун!

Жаманкулов А.К., Иманалиев К.О., Черикбаева Г.Р., Жакиев Б.Ж., Байджиев М.Т., Кулмамбетов Ж.О., Абыкеев Т., Исмаилова Р.И., Өзүбеков А.А., Осмонов К. А., Турапов К.Р., Өзүбеков А., Сманбеков Т.К., Кузнецов Е.Ю., Бекмамбетов Ф.Ш., Айдаров О.Б., Шаршеев Ш.А., Исаков А.Д., Абдуразаков А.А., Абдрахманов К.Б., Куланбаев Б. Ч., Алдакулов Ж.Ж., Бекташев Ш., Бердишев М.М., Алыбаев А., Акматов Б., Абдыкеримова А.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости