www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун уулу, буга чейин Дүйшөмбү шаарынын мэри болуп турган Рустам Эмомали тажик парламентинин жогорку палатасынын - Сенаттын спикери болуп шайланды. Муну менен ал мамлекет башчыдан кийинки эле өлкөдөгү экинчи маанилүү кызматты ээлеп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Белгилей кетсек, Рустам Эмомали март айынын аягында Сенатка мүчө болуп шайланган. Өлкө мыйзамына ылайык, парламенттин жогорку палатасынын 25 мүчөсүн жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлашат. Ал эми сегиз сенаторду президент өзү көрсөтөт.
Эске сала кетсек, Рустам Эмомали 30 жашында 2017-жылы Дүйшөмбү шаарынын мэрлигине дайындалган. Ага чейин Тажикстандын бажысын, Коррупцияга каршы күрөш кызматын жетектеп келген. Эмомали Рахмон уулун экинчи даражадагы «Алтын таажы» ордени менен сыйлаган.
Булак: NazarNews.kg