www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Сынган кылыч", "Көчмөндөр кагылышы" романдарын дагы бир сыйра барактап чыктым. 19- кылымдагы уруучулук араздашуу, чатак чабышуу, ордо кыйдылыктары, 21- кылымда партиялык касташууга алмашып, колуна бийлик тийип калган бир партия экинчи партияны "Үч айландырып чаппасам элеби!" - деген кекенүүлөргө өтүшүп бараткандай. Мындай осолдуктардын арты тетигил тарых айтып тургандай, жакшы бүткөн эмес... Бүгүнкүнүн Үмбөтаалы, Абил бий, Балбай, Мусулманкул жана башкалары этияттап, абайлабаса, алдыдагы жакынкы он жылдыктын үрөйү башкача...

Партия партияга бөлүнүү бул душмандашуу, бет карашпай калуу дегенди түшүндүрбөйт. Ал көз караштардын гана айырмачылыгы. Ал ушундай заманды курат элек деген гана тилектердин окшоштуктары. Бардык партиялардын түпкү максаты элге жакшылык алып келүү. Атаандаштар менен ымалага келишип, мекенди кубаттандыруу үчүн жан үрөө.  Дүйнө жүзүнүн мен деген саясий күчтөрү бүгүн конфликттерден компромисске, эскалациядан дипломатияга өтүшүп, сүйлөшүүлөр менен, келишүүлөр менен маселе чечип, өнүгүүнүн өркүндөгөн жолдорун таап жатышканда, биздин кебетебиз кантет дегиң келет... Чынында бизге алыстан бирөө келип күйүп бербейт. Жаман көрсөң да, башка партияда болсо да өз артык. Колтука суу бүрккөн шыкакчылар элибиздин эртеңин ойлонушпайт чынында..

Манастагы бир окуя эске келет, түйшөлтөт. Айкөл Манас өлгөндөн кийин кезегинде ошол Манастын өзүнө кеңеш берип, акыл айтып жүргөн Бакай атабыздын акыл- кеңеши эч кимге кереги жок болуп калып, абакең төө кайтарып, бечара болуп калган экен. Биз бүгүн ошол тарыхты кайталап, өздү өздөй баалай албай, жакындын кебин кенебей, биздин партия эмес, же биздин пикирлеш эмес, тигил жактык, тигил командадан деген ярлыктарды тагып туруп, болгону пикири, көз карашы сеникине окшошпой калгандыгы үчүн "төө кайтартып" жиберген жокпузбу кандашыбызды? Жакшылыкты өздөн күтпөй, өзгөдөн издегеп кеткен жокпузбу бир тууганым? Минтип олтурсак, баягы "көчмөндөр кагылышы" заманына заматта кайтып барып калбайбызбы..?  Белгилүү акын Алтынбек Исмаилов иним жазгандай: " Байка Кыргыз бирдеме башталууда. Балчык кечкен кадамдар ташталууда..." дегендей, бүгүн, жакында келе жаткан кадыр түндү утурлап, ушул ойлорду сиздерге узатууну туура көрдүм. Кичине мээримдүүрөөк, кичине айкөлүрөөк, кичине боорукерирээк, кичине ынтымактуураак, кичине ырайымдуураак бололучу. Кичине эле..

Улуу орозонун күнүндө жалпы кыргыз калкын, кыргызстандык бардык боордошторубузду, мекендештерибизди ынтымакка, мээримдүулүккө жана келечекке олуттуу кароого үндөп, урматым менен Шайырбек Абдырахман уулу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости