www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Куудул, анча-мынча ырчы, актёр, обончу аткаруучу Жакут Сыдыковго Талантбек аттуу күйөрманы таш ыргытты. Ыргытканда да жөн ыргытпай каймана түрүндө каяша айтып, ыр түрүндө сын-пикирин чубалткан.
“От души” сизди ыр жазат дешет,
Күлдүрүп дагын боорду эзет.
Дегенин угуп калам элдердин,
Чындыкпы калппы билейин дедим.
Куудулдук өнөр, менен ырчылык,
Жанаша жүрсө, болбойбу кыйын?
Же толсо эле, болдубу капчык?
Токтобой түшүп, турсабы тыйын?
Манастын уулу, Санжарга окшоп,
Калбаңыз сиз да ортодо токтоп.
Анткени азыр куудул да эмес,
Же жага турган ыры да жок...
-деген ырына, Жакут Сыдыков керемет сөз жазып, кер какшыкка кенебестен туруп жооп берип ал тургай сахналаш досу Санжар Бердибековго болуша кеткени ырында ачык-айкын билинип турат.
Бирөөгө сынды такпагын,
Санжарды айтып таштадың.
Жакшы сөзүң жок болсо,
Эч кимге минтип жазбагын.
Элирип эми баштайын,
Элим бар жерде айтайын.
Жолумдан чыккан сен болсоң,
Жооп бербей кантип кайтайын.
Айтайын сага чынымды,
Ойуңдун баары тыйынбы.
Капчыгымды ойлогон,
Талантбек мынча кыйынбы.
Кудайдан неге коркпойсуң,
Ичи тар пенде окшойсуң.
Санжарыма асылып,
Ачуумду менин козгойсуң.
Манастын уулу Санжары,
Талантту жигит ал дагы.
Кудайым берген өнөрүн,
Кыргызга канча арнады.
Кечиргин кетсем катуураак,
Ал дагы элдин баласы.
Сындасаң сынга түшөсүң,
Боло албайт эч ким араачы.
Жетимиш өнөр жигитке,
Билесиң аздык кылат го.
Тыйын үчүн дегениң,
Талантбек сага уят го.
Кыргызга кызмат кылабыз,
Кудайым өзү колдосо.
Сахнага кантип чыгасың,
Талантың эгер болбосо.
Миллионер болсоң да,
Ыр күлкү сунуш кыйын да.
Биздикиндей өнөрдү,
Эч жерде сатпайт тыйынга.
Жарышып алыс учабыз,
Жайабыз дагы канатты.
Жаман ойлойт эле деп,
Жашырмак белек талантты.
Максаттарга жетебиз.
Алтын дос Санжар экөөбүз.
Ырчы,куудул эле эмес,
Андан да ашып өтөбүз.
Атың да жакшы Талантбек,
Жүрөбүз биз да талант деп.
Токуп ийдим бул ырды,
Туура эле кабыл алат деп.
Эске сала кетсек Санжар Бердибеков, куудулдардын арасында сыймык менен айтылып жүргөн атактуу куудул Манас Бердибековдун уулу экенин жумурай журт билет.
Булак: NazarNews.kg