www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусия Европа Биримдиги менен адам укуктары боюнча диалогду улантууга эч кандай негиз жок деп эсептейт, деп билдирди шейшемби күнү республиканын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Владимир Макей. 

"Биз эч качан курч маселелерди талкуулоодон баш тарткан эмеспиз. Бирок, бүгүн биз бул маселелер таптакыр саясатташтырылгандыгын көрүп жатабыз. Андыктан ЕБ менен адам укуктары боюнча диалогду улантуунун маанисин көрө албай жатабыз. Биз бул диалогду токтотуп жатабыз."- деп айткан Макей.   

Эске салсак, 6-ноябрда Европа Бирлиги Лукашенко баш болгон Беларуссияга каршы жеке санкциялар пакетин расмий түрдө киргизген. Санкциялар ЕСтин расмий журналына жарыялангандан кийин күчүнө кирген. Документте бул чечим ЕСке мүчө бардык мамлекеттер үчүн милдеттүү экендиги баса белгиленген. Тизмедеги адамдардын ЕСке кайтадан кирүүсүнө тыюу салынат жана эгер тыюуга карабастан аракет кыла турган болсо, Европа Биримдигиндеги бардык мүлктөрү тоңдурулат. Евробиримдик Лукашенкону быйылкы президенттик шайлоого чейинки жана андан кийинки оппозициялык талапкерлерге жана тынч демонстранттарга каршы репрессия жана журналисттерди коркутуулар үчүн жооптуу деп эсептейт. Өз кезегинде Лукашенко ЕСтин ага каршы санкцияларына "башы оорубай турганын" айткан. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости