www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Перуда убактылуу президенттик кызматты аркалап турган Мануэль Мерино де Лама отставкага кетти. Бул тууралуу ал элге кайрылуусунда маалымдады.
Мерино де Лама кызматка 6 күн мурда, тагыраагы, 10-ноябрда киришкен. Ал пара алууга шектелген мурунку президент Мартин Вискарранын ордуна келген.
Маалыматка ылайык, 14-ноябрда митингге чыккандар менен полициянын кагылышуусу учурунда 2 жигит каза тапкан. Бул кайгылуу жагдай жаңы эле өлкө башына келген Мерино де Ламанын кызматтан кетүүсүнө себеп болду.
Окуядан соң Перунун министрлер кабинетинин 13 мүчөсү Лама менен иштөөшүүдөн баш тартып, кызматтан кетүү боюнча арыз жазышкан. Алардын катарында саламаттыкты сактоо, айыл чарба, юстиция, экономика, маданият, соода жана туризм, билим берүү, энергетика, коргонуу жана ички иштер министрлери бар.
Булак: NazarNews.kg