www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларус оппозициясынын лидерлеринин бири Мария Колесникованы 7-сентябрь күнү белгисиз кишилер уурдап кетишти. Бул тууралуу Tut.by басылмасы окуянын күбөлөрүнө таянуу менен билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, Колесникованы “Связь” деген жазуусу бар кичиавтобуска отургузуп, белгисиз жакка алып кетишкен. Ал телефон чалууларга жооп бербей жатат. Беларус бийлиги бул боюнча комментарий бере элек.

Колесникова – президенттикке талапкер болгон камактагы Виктор Бабариконун оң колу. Ал шайлоодон кийин түзүлгөн Координациялык кеңештин президиумуна кирген. 6-сентябрда Минскиде өткөн жапырт нааразылык акцияларына катышкан.

Минскиде өткөн жүрүшкө он миңдеген киши катышкан. Укук коргоочулар 200дөй киши кармалганын, полициячылар аларды ур-токмокко алышканын билдиришүүдө.

Беларус ИИМи 6-сентябрда “ жапырт иш-чаралар жөнүндөгү мыйзамды бузуу” айыбы менен укук коргоо органдары 633 кишини кармаганын кабарлады.

Министрликтин маалымат катчысы Ольга Чемоданова иш сотто каралганга чейин 363 адам убактылуу тергөө абагында болорун белгиледи. Анын айтымында күн мурун өлкөнүн ар кыл аймагында жалпысынан 42 нааразылык акциясы өттү.

Буга чейин беларус бийлигинин кысымы менен Светлана Тихановская жана Координациялык кеңештин президиумунун мүчөсү Ольга Ковалькова өлкөдөн чыгып кеткен.

Беларуста соңку президенттик шайлоодо азыркы президент Александр Лукашенко жеңүүчү деп жарыяланган. Оппозиция добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныган эмес жана жарандарды тынч нааразылык акциясына чыгууга үндөгөн. Ошондон бери Минск баштаган бир катар шаарларда миңдеген адам Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып жапырт каршылык акцияларына чыгып жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Последние новости