www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прагада жайгашкан "Бэнквотч" (Bankwatch Network) уюму Өзбекстанга Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) берген жүздөгөн миллион доллар насыялар кандай пайдаланылып жатканы жөнүндө ачык маалымат жок экенине тынчсызданды.

Уюм ачык-айкындуулуктун жоктугу каражаттын максаттуу пайдаланылып жатканынан шек туудурат деп эсептейт.

2021-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Өзбекстанга рекорддук суммада – 690 миллион доллар инвестиция жумшаганы кабарланган.

Bankwatch Network уюмунун координатору Нина Лесихинанын айтымында, иш жүзүндө бул каражат өлкөнүн социалдык жана экологиялык жыргалчылыгын камсыздоого жумшалып жатканы көрүнгөн жок.

Лесихинанын пикиринде, Өзбекстанда бул банк каржылаган компаниялардагы мыйзам бузуулар, анын ичинде Indorama Agro ишканасында жумушчуларды эксплуатациялоо жана жергиликтүү фермерлерден жерлерди тартып алуу – банктын адам укуктарына каршы келген тобокелчиликтерди баалоодо көйгөйү бар экенин көрсөтүп турат.

– Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы өлкөдө реформа канчалык көп болсо, инвестиция да ошончо көп болот деп жатат. Бирок Өзбекстандын мисалында реформа кагаз жүзүндө гана калууда, бул өзгөчө адам укуктарын коргоо маселесине келгенде даана байкалат. Ал эми банктын инвестициялары рекорд жаратууда. Эгер банк коомчулуктун чечим кабыл алууга катышуусуна кепилдик бере албаса, ал инвестиция жасабашы керек. Болбосо долбоорлор адамдарга пайдадан көбүрөөк зыян алып келет. Биз дал ушул нерсени байкап жатабыз, – дейт Лесихина.

Былтыр Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Өзбекстанда альтернативдүү энергетика, инфраструктуралык өнүгүү, орто жана чакан бизнести колдоо тармагында 22 долбоорду инвестициялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости