www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыз деген аруузат, асыл да,
Кыздарды жээрип сен асылба.
Эшектей мээңди бүт төгүп,
Эртерээк алмаштыр акылга.
Ак сөздүн өзгөрбөйт чындыгы,
Аял не атайын кылдыбы?
Чак түштө тепкилеп ит болдуң,
Чатырың ордунан жылдыбы?..
Көөдөнүң көр болуп калганбы?
Көзүңө шайтан чок салганбы?
Эси жок нааданым ойлончу?
Энеден туулганың жалганбы?
Көз жашты бир далай көлдөттүң,
Дарактан чириген сөңгөксүң.
Төбөңө бир коюп Кудайым,
Төрөтүп койгондо көрмөкмүн..
Түтөбөй жашооңду жөн өткөр,
Түшүнбөйт айымды бөлөктөр.
Элирип сабабай жарыңды,
Эр болсоң анда өзүң төрөп көр.
Кууратпа гүл сымал аялды,
Кудайдан тиленип күт эңсеп.
Төрөлсүн татына перилер,
Төрөлбөй сага окшош ит эркек...
Автор: Бердибек Жамгырчиев
Булак: "NazarNews.kg"