www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Идеология бул негизинен коомдогу адамдардын эркиндиктерине жана укуктарына гана тиешелүү маселе болуп келген, ал эми Манаста тиричиликтин дээрлик бардык баалуулуктары камтылган. Бул тууралуу жазуучу Бердибек Жумабаев билдирди.

"Кыргыз нарктуулук идеологиясы

Арийне, ар бир өтө байыртан бери келе жаткан элдин өздөрүнүн мыкты идеологиясы бар. Заманбап шартта андай байыртан бери мамлекеттүүлүгүн сактап жашап жаткан эл 20дан ашпайт. Ошондой элдердин бирине кыргыздар да киргендиктен жана "Манастын урпактары дүйнөнү сактап калат" деген кыргыз наркына ишеним арткан эл аралык пикирлердин жашап келгендигине байланыштуу. Кыргыз наркынан келип чыккан Кыргыз Нарктуулук идеологиясынын ордун аныктоо керек болот.

Кыргыздарды убагында дүйнөгө тааныткан Кыргыз нарктуулук идеологиясын заманбап шартта "Абсолюттук нарктуулук идеологиясы" деп атасак болот. Анын негизинде адам, жамаат нарктуулукка ылайык келген гана укуктарга, эркиндиктерге жана жооперчиликтерге ээ деген идея жатат. Бул чынында эле адамзатты сактап калчу идеология, анткени адам, элчи, полиция, бай, жетекчи, окумуштуу, саясатчы, келгин, чемпион, аял, эркек ж.б. болсун, мамлекет, коом, эл аралык уюм, жамаат, жогорку органдардын саясаты болсун, нарктуулуктун чегинен чыкпаса, аларга эч ким каршы чыкпайт, согуш ачпайт, артынан түшпөйт жана аларды эч качан колдобой койбойт.

Кээде кыргыздардын идеологиясы Манас болушу керек деген пикирлер айтылууда, мындай сөздү айтууда этият болуубуз керек, анткени кыргыздар үчүн Манас теңдешсиз мурас катары түбөлүк жана ыйык баалуулук. Ал эми идеология болсо улуттун алдында турган тарыхий талапка байланыштуу, белгилүү мезгилдүүлүк менен, даанышмандардын талдоосуна ылайык өзгөрүп турат.

Анын үстүнө, дүйнөлүк тажрыйбада, идеология бул негизинен коомдогу адамдардын эркиндиктерине жана укуктарына гана тиешелүү маселе болуп келген, ал эми Манаста тиричиликтин дээрлик бардык баалуулуктары камтылган. Ошондуктан, Манасты кыргыздардын дүйнөлүк рухий казнада оорун алган улуу рухий куту катары кароо, аны идеология катары кароого караганда түбөлүктүү", - деп белгилеген Жумабаев.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости