www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шавкат Мирзиёев 9-декабрда Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул туурасында тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Мирзиёевдин 9-декабрда Бишкекке келери күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларын демилитациялоо боюнча документтерди алмашышары айтылып жаткан. Аны менен катар эки өлкөнүн жарандарын кирип-чыгуусун жеңилдеткен мыйзамга дагы кол коюлат.

Бул күнү борбор калаада ЕАЭБ мамлекеттеринин жетекчилеринин да саммити өтөт.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости