www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнү өнүктүрүү үчүн мамлекеттик башкаруунун жаңы этабында жаш жетекчилерге жол бошотуу керектигин билдирди. Бул туурасында аталган өлкөнүн мамлекеттик ТДХ маалымат агенттиги жазды.

Ал эки жыл мурун Пайгамбар жашына чыкканын белгилеп, буга байланыштуу өзү тууралуу "жөнөкөй эмес" чечим кабыл алганын айткан.

"Руханий чөйрөдө тарбияланган жана тиешелүү жогорку заманбап талаптарга жооп берген жаштарды мамлекеттик башкарууга келишине жол ачууну колдойм. Жаштар менен биздин келечекти эле эмес, учур чакты дагы байланыштырабыз. Бүгүнкү күндө биздин патриот жаштар заманбап илим, билимди кеңири өздөштүрүп бир тармакта өзүлөрүн көрсөтүүдө. Халк Маслахаты кызматында туруп турмуштук жана саясий тажрыйбаларымды ушул багытка жумшайм", — деп айткан Бердымухамедов.

Ошондой эле түркмөн башчысы мындан ары сүйүктүү мекени жана элинин жыргалчылыгы үчүн болгон күчүн аябай иштей турганын билдирген.

"Мына, 15 жылдан бери жогорку жана өтө жоопкерчиликтүү болгон президенттик кызматта иштеп жатам. Ошону менен бирге эле министрлер кабинетинин төрагасынын, Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин жетекчисинин, жогорку башкы кол башчынын, Халк Маслахаты төрагасынын милдетин аткарып жатам", — деди түркмөн башчысы.

Бул жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, президенттин уулу Сердар Бердымухамедов да катышкан. Ал Түркмөнстандын 2021-жылга карата экономиканы өнүктүрүүнүн жыйынтыгы жана 2022-жылда өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасы тууралуу маалымат берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости