www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Берлиндеги Шенхаузен сарайында белгилүү кыргыз жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Германиядагы белгилүү иллюстратор Кат Меншиктин иллюстрациясындагы немис тилиндеги «Жамийла» повестинин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бет ачарга белгилүү немис адабият таануучусу, журналист Ирмтрауд Гучке, Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин өкүлү, ошондой эле Германиядагы Ч. Айтматовдун чыгармаларынын окурмандары жана күйөрмандары катышты.

Кеченин жүрүшүндө «Жамийла» повестинен үзүндү окулуп, бул чыгарманын каармандарынын жашоосу темасында талкуу болду. Ч. Айтматовдун дүйнөгө таанымал «Жамийла» чыгармасы К. Меншиктин жаңы иллюстрацияларында ачык түскө боелуп, кеченин коноктору өздөрүнүн жагымдуу пикирлери менен бөлүштү. Иш-чарага германиялык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да катышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости