www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз журтчулугу саясатчы катары тааныган Камчыбек Ташиевдин басып өткөн жолунун өз тарыхы бар. Анын саясаттагы жолу ары татаал жана жемиштүү болду десек, жаңылбайбыз. Камчыбек Ташиев бийликтин кайсы бутагына барбасын, ак ниеттүүлүк менен иш жүргүзүп, элге кызмат кылып келет.
Эң негизгиси, өз позициясынан жанбай, бир багытты карманып жүргөнү анын артыкчылыгы. Ага кошумча, саясатта атыңды булгабай, сакталып калуу да чоң жоопкерчиликти талап кылат. Саясатка кадам таштаган инсандардын башына нелер гана келбейт, ар кандай кырдаалга баш ийип сынып калбай, желегин татыктуу көтөрүп жүрүү баарынын эле дараметине ылайык боло бербеси анык. Саясатчы депутат болуу менен гана чектелбейт, эл алдында элдик маселелерди көтөрүп, элдин таламын талашуусу абзел. Бул жаатта Камчыбек Ташиев өзүн чыныгы саясатчы катары көрсөтө алды. Куугунтукка кабылган учурунда өзүн татыктуу кармап, абройун түшүрбөгөнү, жанындагы адамдарды сатпаганы, таймашта акыр аягына чейин туруп, кадыр-баркын коротпой жеңишке жетишкени эле өзүнчө мактоого арзыйт. Ташиевдин дагы бир артыкчылыгы, “эл эмне болсо, ошол болсун, мага кесепети тийбесе болду” деп башын кумга катып алып, өзүн гана ойлоп отура бербегени. Жарандык активдүүлүк, саясый, идеялык жана моралдык позицияларынын тактыгы – анын башы менен бүткөн негизги сапаттарынан.
Айрыкча, анын убадага, сөзгө бекем туруп, беттегенин бербеген көкжалдыгы чоң алкоого татыйт. Куулук-шумдугу жок, бар дүйнөсүн колуна көтөрүп алып, барпалаңдаган мүнөзүн бир топ саясатчылар, ошонун ичинен эң жакын адамдары бир топ жолу пайдаланышты. Кыргызда, “эр жигиттин ичине ээр токумчан ат батат” – деген кеменгер кеп бар эмеспи. Анысы кандай, убакыттын өтүшү менен бардык чындык калкып чыгып, ал адамдардын чыныгы жүзү билинди. Ошондо да Камчыке кек сактап, өч алуу менен алектенбей, аларга кечирим берди. Бул анын – айкөлдүгү!
Камчыбек Ташиевдин саясатчы эле эмес, чыныгы мекенчил инсан экендиги коррупцияга каршы аёосуз күрөш баштаганында далилденди. Кыска убакыт аралыгында, Кыргызстанды чырмап алган коррупцияга каршы күрөш жарыялап, элдин эсебинен эбегейсиз байлык топтогон миңдеген коррупционерлерге каршы чыкты. Бул күрөш айтканга оңой болгону менен, иш жүзүндө чоң жоопкерчиликти, бекемдикти, сабырдуулукту талап кылды.
Мамлекетти мите курттай кемирген ошол коррупционерлер өздөрүнүн байлыгын коргоп калуу үчүн ар кандай кадамдарга барып, кутум иштерди уюштурушту. Бирок алардын бир дагы арам ою ишке ашкан жок. Бардыгы мыйзамдын негизинде жоопко тартылып, тартып алган элдин ырыскысын ашыгы менен кайтарышты. Бул жерде Ташиевдин темирдей бекем эркине бали дегенден башка кеп жок.
Азыр да ошолордун калган-каткандары, же болбосо байлыгынан, бийлигинен ажырап калгандар эптеп эле Ташиевди бийликтен оодарып түшүп, президент экөөнүн мамилесине доо кетирүүнү максат кылып, жалпылап айтканда өч алууну көксөп жатышат. Алар кече жакында Ташиевди кызматтан кетирүү боюнча кол топтоону башташты эле, коомчулук, калдайган кыргыз эли алардын бул кылыгына мыйыгынан күлүп тим болушту. Тетирисинче Ташиевге карата коомчулуктун сый-урматы артып, президент Садыр Жапаров экөөнүн биргелешкен иш-аракеттерин колдоп, батасын берип, алкап отурушат.
Кадырбек Алтымышев, ардагер