www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт дагы бир мамлекеттик банк ачууну көздөп жатат

 

Кыргызстанда Өнүктүрүү банкын түзүү пландалып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Гарантиялык фонддун алкагында Өнүктүрүү банкын түзөлү деп жатабыз. Алгач уставдык капиталы 5 миллиард сом болот, андан кийин дагы 5 миллиард салабыз. Бул өлкөдөгү 25 банктын ичинен эң ириси болмокчу. Негизги максаты — элге узак мөөнөттөгү, төмөнкү пайыздагы кредиттерди берүү", — деди Жапаров.

Мындан тышкары, ал дал ушундай максатта иштеп жаткан мамлекеттик "Айыл банк", РСК жана "Керемет" банктарынын уставдык капиталын 100 миллион долларга жеткирүү планы бар экенин айтты.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүчкө бүгүнкү күндө "Керемет" банкы жете алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости