www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алматы шаарында билим деңгээли жагынан уникалдуу рекорд жараткан Акназар Кажымураттын сөөгү табылды. Бул тууралуу полицияга шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, баланын атасы полицияга уулу 3-ноябрь күнү жолугушууга кеткен бойдон кайтпаганын айтып, арыз жазган.
"Полиция ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, жигиттин сөөгүн 5-ноябрь күнү Алматынын Бостандык районунан тапкан. Анын денесинде кыйнап өлтүрүүнүн белгилери жок. Андыктан өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат", — деп жазылат кабарда.
Акназар Кажымурат 2018-жылы мектепти аяктап жатып, билим деңгээлин аныктоо боюнча эл аралык ACT жана SAT Subject Tests тесттерин тапшырууда абсолюттук рекорд жараткан. Ал математика, физика жана биология сабактары боюнча тест тапшырып, эки тесттен тең мүмкүн болгон эң жогорку балл (36 жана 2400 балл) алган. Мындан улам ага дүйнөдөгү өзү каалаган университетке тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилген.
Булак: NazarNews.kg