www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
БУУ 2030-жылга карата дүйнөнүн калкынын 50 пайызы табигый кырсыктардан жабыркашы мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу УзА билдирди.
Аталган докладда цунами коркунучу бар аймактарда урбанизациянын жана туризмдин алдын алуу зарылчылыгы баса белгиленет. Маселен, Шри-Ланка, Индия, Индонезия, Таиланд жана Жапония эң көп жабыр тарткан өлкөлөрдүн катарына кирет.
Бириккен Улуттар Уюму жана Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму акыркы 100 жылда 58 цунамиден 266 миңге жакын адамдын өмүрү кыйылганын билдирди.
ЮНЕСКОнун океанографиялык комиссиясы цунамиден эрте кабарлоо кызматтарын координациялоо үчүн изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Тынч океандын, Инди океандарынын, Кариб деңизинин, Түндүк-Чыгыш жана Жер Ортолук деңизинин аймактарында байкоочу станциялар уюштурулган.
Маалыматтарга таянсак, цунами Индияда, Шри-Ланкада, Японияда, Мальдив аралдарында, Мьянмада жана Таиландда көп кездешет.
Булак: NazarNews.kg