www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмделген киши коронавирусту беш эсе жеңил көтөрөт

Вакцина алгандар коронавирус жуктургандарга караганда ооруну беш эсе жеңил көтөрөт. Бул тууралуу АКШнын окумуштуулары билдиргенин "Лайфхакер" жазды.

Изилдөөнү Американын жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору жүргүзгөн. Натыйжада коронавирус менен ооруп айыгып, иммунитетим бар дегендердин эмдөөдөн өткөндөргө салыштырмалуу кайрадан илдетке тушугуп, стационардык жардам алуу тобокелдиги жогору экенин айткан.

Окумуштуулар COVID инфекциясынын симптомдору бар 7 348 адамдын маалыматтарын изилдешкен. Алардын 1020сы вакцина албагандар, бирок ооруп айыккандар, ал эми 6328и эмдөөнүн толук дозасын алып, мурда такыр оорубагандар болгон. Коронавирусту чакырган SARS-CoV-2 вирусу биринчи топтон 89 кишиден (1020 адамдын 8,7 пайызы), экинчи топтон 324 эле адамдан (6328 кишинин 5,1 пайызы) аныкталган.

Окумуштуулар адамдын организми инфекция менен күрөшүп жатканда иммундук система оорунун козгогучун тааныганды үйрөнүп, кийин кайра жукканда жооп кайтарарын белгилеген. Ошондуктан кээ бир адамдар кайра оорубайт же жеңил формада өткөрөт. Бирок ар кимдин иммунитети ар башка жана коронавирусту оорлошуп кетүүсүн алдын алат деген кепилдик жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости