www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир күндө эле берекет болуп калат, эртең эле баарын оңдоп коёбуз деген бул кыйын нерсе. Мындай пикирди мурдагы спикер, мурдагы биринчи вице-премьер Алмамбет Матубраимов NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

-Бүгүн мына үгүт иштери башталды. Ушуга сиздин пикириңиз кандай?

-Шайлоо башталгандан бери мурункуга салыштырмалуу катуу талаптар коюлуп жатат. Админресурсту, акча берүү жөнүндө бул коррупциялык системаларды жок кылабыз дегендей аракет кылып жатышат. 

Булардын себеби шайлоодон кийин келип чыккан 3 жолку төңкөрүш деп ойлойм. Мындан улам булар сабак болсун деп абдан көңүл буруп жатышат. Бирок тилекке каршы, мындан 3 ай мурун эле ким кандай барары, эмне болоору шайлоо кандай болоору чечилип калган. Алдын ала эле көп жумуштар бүтүп калган деген ойдомун. Кантсе да, шайлоо системасында тазалыкка, калыстыкка катуу аракет кылып жатышат. 

Бир күндө эле берекет болуп калат, эртең эле баарын оңдоп коёбуз деген бул кыйын нерсе. Бирок азыр электрондук эмес биз ошол айтып жаткан шайлоодогу кабиналарда эсептөө процесси бир аз кыйыныраак болуп жатат. 

Айрыкча, азыр патиялык шайлоодо кандай кылып салыш керек экенин жакшылап түшүндүрсө эл жакшы мүмкүнчүлүк алат эле. Экинчи жагын алганда канткенде да биз Кыргызстандын шайлоочуларына шайланууга, шайлоого укук түзүп бердик. Бул биринчи бир мандаттык, партиялык система дагы. 
Мисалга айтканда партиялык системада да ар бир адамга добуш бере турган болуп, мурункудай партияда турган алдыңкы 5чи талапкерге чейин андан кийин тизме менен кетет деген система жок болду.

Биринчи тизмедеги киши өтпөй калып 54чү тизмедеги киши өтүп кетет. Бирок ушуну өзүн үгүттөп жатканда элдерге кантип түшүндүрө алат, кандай кылып билдирет же киргенде ар бир шайлоо участогунда 23 партиянын тизмеси жазылып турса бул кандай болот. Ошондуктан, бул жердеги маселени дагы бир айдын ичинде түшүндүрүүлөр жүрүп, дагы маслелер чечилет деген ишеним бар. Ал эми азыркы бийликке келгенде кантсе дагы шайлоого аттанганы таза шайлоо өткөнгө аракет кылып жатат десем жаңылбайм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости