www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мыйзамдуу иштеген бардык журналисттер менен блогерлер мыйзам жана президент тарабынан корголорун билдирди.

6-ноябрда Олий Мажлис жана Сенатта Мирзиёевдин инаугурациясы болду. Президент сөз сүйлөп, сөз эркиндигин өнүктүрүү, элди маалымат менен камсыздоо жаатында аракеттер уланып жатканын белгиледи. Ал сынчыл көз карашта айтылган пикирлер эски түзүм менен жашап жүргөн аткаминерлерге жакпай турганын кошумчалады.

Freedom House эл аралык уюмунун соңку баяндамасына ылайык, Шавкат Мирзиёев жасаган реформалардын арты менен маалымат каражаттарына бийлик тараптан басып жасоо азайган. Бирок бийликке сын айткандарды камоо же коркутуу уланып жатканы белгиленген.

Биринчи президент Ислам Каримов дүйнөдөн кайткандан соң мурда өлкөдө ишмердик жүргүзүүгө тыюу салынган чет элдик медиалардын ишине уруксат берилген. Бирок алардын арасында "Азаттыктын" өзбек кызматы жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости