www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3902-чакырымы) кооптуу таштар түшүрүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Жумуштар 10-ноябрдан 12-ноябрга чейин, ошондой эле 15-ноябрдан 19-ноябрга чейин жүргүзүлөт.
Бул убакта ЖКККББ кызматкерлери жолду жарым-жартылай саат 09:00дөн 15:00гө чейин жаап турат.
Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен жүрөт. 30-40тан ашык унаа топтолсо таштарды түшүрүү иштери токтоп, аларды өткөрүүгө уруксат берилет.
Иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg