www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVIDге каршы Pfizer вакциналары келгени маалымдалды. Бул вакцинанын коопсуздугу боюнча эмнелерди айта аласыз?

- Pfizer вакцинасынан өлүмгө дуушар болгондор катталган. Ал эмнеге байланыштуу болгону даана аныкталбаганы ырас, аны эмдөөдөн кийин ушундай болгону чын. Ага карата аллергиялык реакциялар да арбын.

Бизде вакцинаны сактоочу муздаткычтар жок экени да айтылууда. Демек, аны алуунун канчалык деңгээлде кажети бар эле?

- Ал дарыны сактоого -70 градустагы муздаткычтар керектелет. Бизде андай шарттар жок. Ушул жагын эске алсак, анда вакцина менен муздаткыч чыгаргычтар калктын эсебинен
жакшы эле байып алышат экен.

- Эми вакцинаны кимдерге биринчи колдонуп көрүшөт, же атайын коопсуздугун аныктоочу аппараттар барбы?

- Өлкөдө жаңы вакцинаны иликтеп, жыйынтык чыгаруучу атайын илимий-техникалык эксперттик топ бар. Бул топ өйдө жактын кысымына карабастан, коронавируска каршы эч кандай вакцинага аралашкан эмес.

- Анда министрлик эмне үчүн аларды алды?

- Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Усенбаев элге мындай күмөндүү нерсени биринчи эле жолу айтып жаткан жок. Анын айткандарына келсек, эпидемиология менен курөшүүгө, каршы турууга эч кандай тийешеси жок. Ушундайлардын айынан коррупциялык, же туура эмес иш-аракеттер болуп келген.

Булак: Азия News гезити

 

Последние новости