www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Атаңгөрү, айтпай турган сөз эле, чыгып кетти өзү эле» дегендей иш болду. Дегеним, элге таанымал ырчы Курал Чокоевдин ютуб каналындагы аты тескери долбоору ушу күндө коомчулук тарабынан кызуу талкуу жаратууда. Коомчулуктун чачтары тик турду. Бул боюнча кези келгенде чыгармачыл адам катары бир беткей эмес өз пикиримди да айтармын. Бул боюнча КР эл артисти куудул Күмөндөр Абыловдун оюн угуп көрөлү. Жарыктык киши агынан жарылып кетти. Айтпаганды айтты, мени «жымсалда» дегендей кылды. Жымсалдамыш эттим.

- Кумөндөр ага, Курал Чокоевдин ютуб каналындагы ыр-чырды угуп атсаңыз керек?

- Укпаганда... Эми кандай десем, сөгүнүп-сагынгандары “однозначно” туура эмес. Биякта туруп кан кайнады. Жалпы маданият кызматкерлерине шек кетип атат. Буларды мага десе мамлекеттик сыйлык-пыйлыктарынан ажыратып салсын. Мындан да катуу жазаларын алышсын. Бул жерде жалпы маданият кызматкерлерине көлөкөлөрүн түшүрүп атпайбы. Кыргыз качан эле ушундай жаман иштерге барчу эле? Чыгармачыл адамдар коомдун күзгүсү да, эл бизге карап түздөнөт. Биздин эмгектерибизге суктанат, умтулат. Анан ушуларды көргөндөр «бизди туурайт, биз жасаганга суктанат» деп ойлошту бекен? Жок! Көпчүлүк эл түкүрүп атат. Билбейм, мен жаман абалда калдым.

- Кубаттагандар да бар экен го?

- Ооба. Жанагы Эркин деген неме сайпанабы? Антейин десең сүйлөгөндөрү ошондойлорго жакынбы? Эми ошолорду кубаттагандар аман эле болушсун. Ким кубаттаса, алар да соо эместер(!) деп эле айтам.

- Сиз соцтармакка көз салып турат окшойсуз?

- Албетте, коомдо эмне болуп турганына көз салам. Эми «соцтармак» деп кеттиң. Анжеликанын жамбашын айтып түгөтө албай коюшту. «Кимге тийип атат, боюнда барбы жокпу?» дешип. Кимдер кызыкдар экенин түшүнбөйм. Анжелика күйөөгө тийеби, тийбейби, беш күйөөгө катары менен тийсе да өзүнүн иши да. Боюнда кимден болду, эмне кереги бар дейм да?.. Нервке ойноп атат.

- Маданият министри четинен чара көрүп атканы айтылып кетти, буга не дейсиз?

- Нуржигит Кадырбековдун маданият министри болуп башында отурганы жанды кашайтып атат да. Дааватын өзүнчө мечитине барып алып кылбайбы дейм да. Вообще эле дааватка каршымын. Ислам маданиятын бизге жайылтып аткандарына жан кашаят. Буларды «мусулман болбо» деген бир да киши жок. Билген намазын өзү үчүн окуп, өзү аш кыла берсин. Элдин баарын үгүттөп, ар нерсеге мурдун тыгып атканына жиниң келет. Айтсаң эле «мусулманга асылдың, исламга шек келтирдиң» дешип каргап-шилеп калышат. Биздин ата-бабалар кандай мусулман болду эле? Ошондой эле салтын кармап, тилин, дилин сактап келбеди беле? Кайсы сектасында, кайсы масхабында экенин өздөрү деле билбейт. Нуржигит Кадырбеков министр болгондо эле айткам, «Сариев деген атеист байке бар, Кыргызстан мусулман дин башчылыгы кылалы» деп сунуш катары айткам. Ар нерсе өзүнүн ордунда болуш керек. Кадырбеков «опера-балет кыргыздын мен-талитетине туура эмес» дегени туурабы? Күйгүздүда! Ушу жакшыбы? Башка мамлекеттер опера-балет искусствосун барктап, Түркия мамлекети орустардын мыкты адистерине жакшы акча төлөп, келишимдин негизинде алдыга өстүрүп атат. Ал жерде биздин Айсулуу Токомбаева да сабак берүүдө. А биздин маданият министрибиз «опера-балетти жоюп салыш керек» дегенин кандай түшүнөбүз? Бул эмне деген артка кеткендик?! Каякка эле баратабыз? Чыдап эле келатабыз...

- Жаңы президент шайланды, үмүтүңүз барбы?

- Албетте бар. Бир гана чочулай турган нерсемди ушул жерден айта кетейин. Эгер жаңы шайланган президентибиз чала молдо дин бузарларды колдоп кетсе, анда биздин ишибиздин бүткөнү.

Булак: Азия News гезити

Последние новости