www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызматкери курулуш компаниялардын өкүлдөрүнөн тынымсыз акча алып турган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгындагы коррупциялык схема мамлекеттик экологиялык экспертизанын жыйынтыгы менен байланыштуу. УКМКнын версиясы боюнча, аталган башкармалыктын кызматкерлери өздөрү түзгөн жол менен социалдык жана коммерциялык объектилер үчүн лицензиялык документтерди алууда тоскоолдуктарды жараткан. Андан кийин коммерциялык компаниялардын өкүлдөрүн 500 доллардан тарта 5000 долларга чейин акча берүүгө мужбурлап турушкан.

Коррупция менен күрөшкөн кызматтын кызматкерлери 14-январда кезектеги парасын алып жаткан башкы инспекторду колго түшүрдү. Бул ишке катышы бар башка кызматкерлерди, жетекчилерди аныктоо иштери уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости