www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы убакта суицидге барган үрөй учурган окуялар көп кайталанчу болду. Анынр алдын алуунун кандай жолдору бар? “Кандай белгилерин байкасак болот?” деген суроо менен психология боюнча доцент Бермет Наралиева менен маек курдук.

- Суицидге баргандардын алдын алууга мүмкүнбү, өз жанына кыянаттык кылгысы келген адамдар сизге кайрылабы?

- Өз жанына кыянат кылгандар адатта кайрылышпайт. Алардын жакын адамдары кайрылган учурлар болот. Көбүнчөсү өткөөл мезгилдеги себептерден (подростковой период), жаш келиндер ар кандай турмуштук, социалдык маселелердин ырбап кеткен чыр себептеринен улам кайрылышат.

Негизи эле суицидге кабылган адамдардын аң-сезиминин түпкүрүндөгү мотив өч алуу, өлүп берип өч алуу турат. Психикасынын кыйынчылыкка туруштук бере албай калышы, тегеректегилердин, эң жакын адамдарынын кайдыгерлиги да себепкер болот.

Азыркы учурда калктын психикалык саламаттыгына эч кандай көңүл бөлүнбөйт. Жашоодо чечилбеген маселе жок. Бүгүнкү опол тоодой маселе эртең эле майдаланып кетиши мүмкүн. Өмүрдүн баалуулугу тууралуу маалымат, тарбия өз деңгээлинде берилбегендиги да себепкер.

- Деги эле сиз иликтеп көрдүңүзбү, суицидге барган адамдардын тагдырына, курактарына?

- Илимде ар кандай кубулуш чөйрөнүн, коомдун таасиринин астында жана тукум куучулуктун да таасиринин бар экендигин тастыктаган эки көз караш бар. Мага кайрылган бир окуучу тууралуу айтсам, аны мектеп директору алып келген.

Бир тууган агасы каза болуп, баладагы депрессияны байкап, апасы жер которуп шаарга көчүп келген экен. Ал балага генетикалык анализ жүргүзүп келгенде ата тукумунда өзүн өлтүргөндөр, эрте жаш курагында кырсыктап жаш өлгөндөр катталды.

Ал окуучу менен бир нече сеанс өткөргөндөн соң ыраазычылык билдирип, анын апасы келип кайрылды. Андан кийин апасы менен да бир топ иш алып барып, алардын жашоосу жакшы жагына өзгөрдү.

- Тукум кууган учурлар да болот экен да?

- Улуттук аң-сезимден келип карай турган болсок, эгер тукумунда мындай кырсыктар болуп келген деген ой санаа, күмөн саноо боло турган болсо, анда ата- энелер ата-бабалардын ар түрдүү ырымжырымдарын жасап койсо ашыктык кылбайт. Бул ритуал процесси деле аң-сезимди ынандыруу механизминин негизинде жүрө турганын эске алып койгон оң.

Булак: Азия News гезити

Последние новости