www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент өзү чыгып "таза акыйкат шайлоо болсун, мамлекеттик органдар эч киришпесин, админресурс колдонулбасын, колдонсо биз жазалайбыз, кылмыш иш козготобуз" деп катуу демилге менен айтып жатат. Мындай пикирди мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

- Азыр жаңы уюм түзүп жатыптырсыздар. Эмне деген уюм, кандай болуп түзүлүп жатат?

- Бул уюмдун түзүлгөнүнө эки жыл болду. Биз 2020-жылы октябрдагы шайлоодо дагы байкоо жүргүзүп, башка малекеттер Кыргызстандын ички шайлоосуна киришкенге акысы жок деген мониторинг кылганбыз. Мына ошонун негизинде сентябрь айынын башында мурунку бийликке 4-5-октябрда республикада ачык эле башаламандык болот деп эскерткенбиз. Бирок ошого карабастан мурдагы бийлик ошондон тийиштүү жыйынтык чыгарган эмес.

- Ошондо эмне деп жооп берген?

- Силер айта бересиңер балким болбойт деп жооп берди. Бирок, тилекке каршы башаламандык болду. Бийлик алмашты, кан төгүлдү, Ак үй талкаланды эми эмне болду?

Бул былтыр биздин биринчи долбоор болгон, азыр экинчи улуттук долбоорду баштадык. Бул келечекке таза жол жана акыйкат шайлоону уюштуруу боюнча улуттук долбоор болуп саналат. Бул долбоордун жетекчиси кылып мени шайлашты.

Бул долбоорго белгилүү эксперттер кирет. Мисалы, Орозбек Молдалиевич, Таалайбек Жумадылов, Шамшыбек Медетбеков, Нурипа Муканова жана башкалар.

Анда биз Муканова экөөбүз дайыма болгон мыйзамдардын баарын айтып туралы деп, БШК менен биргеликте презентация кылганбыз. Биздин долбоордун эң негизги максаты 29-ноябрь, 28-ноябрь шайлоо өтөт. Бирок 29-ноябрда эмне болот? Мына 4-октябрда шайлоо өттү бирок, 5-октябрда эмне болду? Калайман болбодубу?!

6 партия өттү, ал эми калган партия 1000ден адам чыгарды да 10000дей адам Ак үйдү каптап, бийликти алып койду. Мына азыр дагы 21 партия катышып жатат. Бул партиялардын ичинен 6,7 өтүшү мүмкүн. Калган 13, 14 партия 1000ден алып чыкса эле 12, 13 миң эл аянтка толуп кетсе эмне болот? Ошон үчүн азыр бийлик дагы жакшы демилге менен чыгып жатат.

Президент өзү чыгып “таза акыйкат шайлоо болсун, мамлекеттик органдар эч киришпесин, админресурс колдонулбасын, колдонсо биз жазалайбыз, кылмыш иш козготобуз” деп катуу демилгени айтып жатат. Бул колдой турган нерсе.

Ал эми биздин долбоордун максаты 29-ноябрда башаламандыкты болтурбоо. Улам эле бийлик алмашып, улам эле кан төгүлүп, улам эле Ак үй өрттөнүп, өлкөнү талкаланганды токтотушубуз керек. Ошондуктан, 4-революцияны Кыргызстан көтөрө албайт деген чоң максатта чыгып жатабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости