www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аталган иш чараны уютуруучулары акциянын мөөнөтүн жана ал өтчү жайды алмаштырышкан. Улуттук беш бармакты 5 мартта даярдашмак болучу, бирок, Биринчи Май райондук администрациясы санитердык жана коопсуздук жагы каралбай тургандыгын эске алып, башка жерге өткөрүүнү сунуштаган.
"Ошондой эле, транспортко тоскоол болбогондой жана жарандарыбызга көйгөй жаратпаган жайга өткөрүүнү талап кылышкан. Биз буга түшүнүү менен карадык" - дейт уюштуруунун башында турган Элнура Кулуева.
Эми аталган масштабдуу иш чара Аю Grand Comfort жайында 11 мартта өткөрүлмөкчү.
Эске салсак, аталган иш чара Гиннес китебине кирүү максатында өткөрүлмөкчү.
2015-жылы Астана шаарында бешбармак боюнча рекорд коюшкан. Анда беш бармак 736,5 килограмма менен Гиннес китебине кирген.
Булак: NazarNews.kg