www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бешик ырына сынак жарыяланды

«Бешик ырлары» аттуу республикалык сынакты «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясы жана Кыргыз радиосу биргеликте уюштурууда. Сынактын максаты салттык (элдик) жана жаңы мыкты бешик ырларын чогултуу, жаратуу жана аларды эл ичине таратуу.

Сынактын мөөнөтү 5-июндан 1-ноябрга чейин. Жыйынтыгы 10-ноябрда чыгат. Жеӊүүчүлөр атайын диплом жана баалуу белектер менен сыйланат.

Сынактын эреже-талаптары:

Сөздөрүнүн бала үчүн тилек айтууга,аны сооротууга жана уктатууга багытталышы; ырдаган үндүн назик жана жагымдуулугу; ырдын уккулуктуулугу, жумшактыгы; ырдагы мээримдин төгүлүп турушу; ырдын эне менен баланын , ата менен баланын ортосундагы эмоциялуу жакындыкты камсыздоосу; музыкалык инструменттердин коштоосун колдонбоо; ырдын тексти 3 куплеттен кем болбоого тийиш.

Сынакка Кыргызстанда жашаган бардык чыгармачыл инсандар, энелер катыша алышат. Сынакка салттуу, элдик ырлар да, автордук ырлар да кабыл алынат. Ырдын тили чектелбейт.

Сынакка катышуунун шарттары:

Бешик ырларын ырдап, аны CD же DVD дискке жазып, сөзүн өзүнчө кагазга жазып, аларды ковертке салып «сынакка» деп жиберүү керек. Ошондой эле конверт ичине сынакка катышып жаткан адамдын фамилиясы, аты-жөнү, дареги, ким болуп иштегени, мобилдик телефонунун номери көрсөтүлгөн маалымат да салынышы керек.

Дарек:

Бишкек шаары, Чүй көчөсү 106, 108-бөлмө. Сурап-билүү телефону 0312 66 03 82.

Электрондук дарек: [email protected]

Булак: NazarNews.kg

Последние новости