www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Безеткиден кутулуунун эң жөнөкөй 5 ыкмасы

Өспүрүм курактан тартып жүзүбүзгө, денебизге чыга баштаган безеткилер сырткы келбетибизди жагымсыз көрсөтүү менен психологиялык жактан да таасирлентет.  Адатта булардан кутулуунун көптөгөн ыкмалары бар. Кокусунан себепсиз чыга баштаган безетки, тери ооруларынан да кабар бериши мүмкүн.

Мындан кутулуунун жолун билүүнү ар бирибиз кааласак керек. Ооба десеңиз, төмөнкү 5 ыкманы колдоно баштаңыз.

1. Бетиңизди бир күндө 2 жолу жууңуз

Бетиңизди жууп жатып, ага аяр мамиле кылууга аракеттениңиз. Сулуу, таза жүзгө ээ болуу үчүн, аны күнүнө жок дегенде 2 жолу жууш керек. Кургатууда өзүңүз гана колдонуучу сүлгүңүз болсун. Башкалар колдонгон кир сүлгү же ага окшогон бир нерсе менен аарчыбаңыз. Безетки пайда кылуучу бактериялар дал ушундай кир сүлгүлөрдө көп. Муну менен катар ар жуугандан соң жумшартуучу крем колдонгонуңуз жакшы.

2. Кол менен кармалабаңыз

Безетки чыккан убактарда бетти көп кармалай бербеңиз. Колдогу кир бактериянын уясы болуп, ар тийген сайын бетиңизде калат. Кармап эле эмес, сыкканга дагы болбойт аны. Анткени сыккан убакта ириң чыгып, кийин так калат, ошондой эле безеткинин жайылып кетишине себеп болот.

3. Таттуудан алыс болуңуз

Бетим тунук, жандуу жана дени сак болсун десеңиз, таттуунун санын азайтыңыз. Шекер ириңди көбөйтүп, мурункуларды күчөтүү менен жаңы безеткилерди пайда кылат. Шекер, шокалад жана майлуу азыктар – безеткинин жан курбулары десе да болот. Ошол себептен буларды аз колдонуунун пайдасы чоң.

4. Суюктукту көп ичиңиз

Күнүнө жок дегенде 2 литр суу ичүү дени сак болуунун баштапкы булагы. Денебиз жана жүзүбүз үчүн эң керектүү дары – суу же суудан турган азыктарды көп колдонуу. Суу, денедеги токсиндерди тазалап, териңиздин нымдуу болушуна шарт түзөт. Суунун ичине бир канча кесим лимон салуу менен анын таасирин арттырсаңыз болот. Бул ыкманы колдонуу аркылуу безеткинин чыгуусун алдын алган болосуз.

5. Стресске кабылбаганга аракет кылыңыз

Безеткинин чыгышын шарттаган эң чоң себептердин бири – стресс. Ичиңизде катылган буктар, безетки жана кара чекиттерди сыртка түртөт. Күнүмдүк жашоодогу проблемаларды ичиңизде сактап, безеткилерди сыртка чыгаруунун ордуна ичиңизди жеген ойлорду сыртка атыңыз. Бул үчүн тынчтандыруучу терапия, йога менен машыксаңыз болот.

Булак: NazarNews.kg

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Последние новости