www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-январда АКШ президенти Дональд Трамптын ант берүү аземи өтөт. Расмий түрдө Трамп АКШнын 47-президенти болуп калмакчы.

Буга чейин ал АКШнын 45-президенти катары 2017-жылдан 2021-жылга чейин кызматта болгон.

Известия маалымдагандай, президенттин инаугурациясында жаңы вице-президент Жей Ди Вэнс да ант берет. Андан соң ал кызматка расмий түрдө киришет.

Ант берүү иш-чарасы Американын ABC, CBS, CNN, CSPAN, Fox News өңдүү ири телеканалдар аркылуу түз алып көрсөтүлөрү айтылды.

Вашингтондо өтө турган инаугурацияга атайын чакырылган коноктор жана 200 миңге жакын адамдар күбө болору болжолдонууда.

Эске салсак, АКШ президентин шайлоо 2024-жылдын 5-ноябрда өтүп, 78 жаштагы Дональд Трамп жеңишке жетишкен. Шайлоочулардын добушунун 51%ын Трамп, 47,4%ын Камала Харрис алган.

Последние новости