www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Монголиянын биринчи президенти Очирбат Пунсалмаа 17-январь күнү 82 жашында дүйнөдөн кайтты, деп билдирди «MiddleAsian News».
Очирбат Пунсалмаа 1942-жылы Завхан аймагында туулган. Ал Ленинграддагы Тоо- кен институтун бүтүрүп, кен казуу ишканаларында иштеп, министрдин орун басары, энергетика жана отун министрлигинин жетекчиси, тышкы иштер министри, экономика министри, Улуттук Элдик Хуралынын төрагасы болуп эмгектенди.
Пунсалмаа 1990-жылдын 3-сентябрында Монголиянын биринчи президенти болуп шайланган. 1993-жылдын 6- июнунда шайлоочулардын 59,9% добушун топтоп, кайрадан президент болгон. 1997-жылы ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандан кийин саясаттан кеткен. Андан кийин «Очирбат» фондун жетектеп, Монголиянын Конституциялык сотунун мүчөсү катары эмгектенип келген.