www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында «Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу» аттуу чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы А.К. Койчиевдин жетекчилиги астында, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсаловдун, мамлекеттик органдардын, чыгармачыл союздардын, илимий коомчулуктун, маданият, искусство жана билим берүү тармактарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт.

Форумга өлкөнүн жети облусунан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан 800гө жакын өкүл катышат.

Форумдун алкагында маданият менен илимдин улуттук өнүгүүдөгү орду, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын коомдогу миссиясы, маданий-руханий жаңылануунун негизги багыттары, ошондой эле чыгармачыл союздарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик механизмдери талкууланат.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өз сунуштарын берип, маданият менен илимди өнүктүрүүгө багытталган жаңы демилгелерди көтөрүшөт.

Форумдун жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, иш-чаралар планы иштелип чыгат.

Последние новости