www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 31-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Азербайжан жана Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусу өтөт.

Жолугушууга Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Азербайжан президенти Илхам Алиев, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев катышат.

Мамлекет башчылары соода, энергетика, туризм тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоо, транспорттук коридорлорду кеңейтүү, аймактагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашат.

Последние новости