www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Чокон Валиханов көчөсүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиев аймакка эскертүүсүз көчмө текшерүү жүргүзүп, муниципалдык жерлердин мыйзамсыз пайдаланылышы, жашыл аймакка унааларды токтотуу жана көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушу сыяктуу одоно мыйзам бузууларды аныктады.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз токтотулган автоунааларды эвакуациялоо, объекттердин ишмердүүлүгүнө укуктук баа берүү, мыйзам бузгандарды жоопкерчиликке тартуу, жол белгилерин орнотуу жана аймакты санитардык талаптарга ылайык иретке келтирүү боюнча жооптуу мамлекеттик жана муниципалдык органдарга бир катар тапшырмалар берилди.

Ошондой эле "Амира" кафесинин ишмердүүлүгүн санитардык жана мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча комплекстүү текшерүү тапшырылды. Аймак толук тартипке келтирилгенге чейин күн сайын көзөмөлдө болот

Последние новости