www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылар жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалган жалган видеолорду жайылтып жатканын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик жарандарды социалдык тармактарда жана мессенжерлерде жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалган алдамчылык мүнөздөгү жасалма видеолордун жайылып жатканы тууралуу эскертет.

«Кылмышкерлер укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин сүрөттөрүн мыйзамсыз пайдаланып, алардын атынан жалган маалыматтар камтылган жасалма видеолорду даярдап, таратышууда. Белгилей кетсек, мындай материалдардын Ички иштер министрлигине эч кандай тиешеси жок жана алар жарандарды алдоо максатында гана жайылууда», - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги жарандарды төмөнкүлөргө чакырат:

-атактуу инсандардын же мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин сүрөттөрүн колдонулган, шектүү видеолорго ишенбөө;

-белгисиз шилтемелерге өтпөөгө жана өзүнүн жеке маалыматтарын, банктык карталарынын реквизиттерин, ырастоо коддорун жана башка купуя маалыматтарын эч кимге бербөөгө;

-маалыматтын чын-төгүнүн ИИМдин расмий маалымат булактары аркылуу гана текшерүү зарыл.

Последние новости