www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда белгисиз жаран жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылганы тууралуу видео тарады. Жабырлануучу кыздын апасынын айтымынды, аталган окуя бир ай мурун болгонун, бирок укук коргоо органдары мыйзамдуу иш алып барбай жатышканын билдирди.
Ал эми, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы бул боюнча маалымат берди.
Маалыматка ылайык, тергөө кызматына С.Б. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. Анын билдирүүсүнө ылайык, 2026-жылдын 4-июлунда болжол менен саат 06:00 чамасында белгисиз адам анын жашы жете элек кызына карата бузукулук мүнөзүндөгү аракеттерди жасаган.
Бул факты боюнча Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси («Бузукулук аракеттери») менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө бардык зарыл болгон соттук экспертизалар дайындалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Алардын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран аныкталып, кармалган.
Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары улантылып, окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган иштер жүргүзүлүүдө.