www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы 2026-жылдын 29-июлунда инспекциянын башчысы Акаев Жанар Кубанычовичтин тапшырмасынын негизинде рейддик иш-чара өткөрдү.
Рейддин жүрүшүндө жарандардын тынчтыгын жана бейпилдигин бузган бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин калкты ызы-чуудан коргоо боюнча талаптарын бузгандыгы үчүн шаар аймагында жайгашкан «Иzюм» ресто-бары, «Южание» ресто-бары, «Балмуздай» ЖЧКсы, ошондой эле пиротехникалык каражаттарды (салют) колдонгон жеке жаран жоопкерчиликке тартылды.
Аталган фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 82-беренесине ылайык юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, ал эми жеке жакка 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынды.
Жыйынтыгында мыйзам бузгандарга жалпы суммасы 94 000 сом болгон айып пулдар өндүрүлдү.
Ош шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана ишкерлик субъекттерин коомдук тартипти сактоого, жарандардын тынч эс алуусуна урмат-сый менен мамиле кылууга чакырат.